Абдил-Азиз ажы Чыныбеков: «Рамазан – сооптун сезону»

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районунун баш имам-хатиби Икром ажы Ырысбаев менен биргеликте Сокулук районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборун зыярат кылышты. Зыярат учурунда Чүй облусунун казысы Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен жолугушуп, балдарга ыймандуулук, жакшы кулк-мүнөз, адеп-ахлак тууралуу насааттарын айтты.

Зыярат алкагында Азирети Муфтийдин №80 буйругуна ылайык, Ыйык Рамазан айында жергиликтүү демөөрчүнүн колдоосу менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды карап жаткан 60 үй-бүлөнүн ар бирине 5000 сомдон болуп, жалпысынан 300 миң сомдук жардам көрсөтүлдү.

«Рамазан соопко иштей турган ай. Сооптун сезону десек да аша чапкан болбойбуз. Анткени Алла Таала куттуу Рамазанда кылынган жакшы иштер үчүн эселеп сооп берет», – деп билдирди облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.