Ноокенде аз камсыз болгон 120 үй-бүлөгө Рамазан баштыгы таратылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда аз камсыз болгон 120 үй-бүлөгө ун, май, макарон сыяктуу керектүү азык-түлүктөр салынган Рамазан баштыкчалары таратылды. Жалпысынан 360 миң сомдук  баштыкча таратылган кайрымдуулук иш-чарасын Ноокен райондук хатибиятына караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн жооптуу имамынын орун басары Русланбек Мамасадыков уюштурса, жеке ишкер Кенжебаевдердин үй-бүлөсү демөөрчүлүк кылган. Аталган иш-чарага айылдык кеңештин төрагасы Ислам Абдуразак уулу, райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков, Момбеков айыл өкмөтүнүн имамынын орун басары Русланбек Мамасадыков катышты.

Иш-чарада райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков бул айда кайрымдуулук кылуу жана убадаланган сооптор боюнча кенен токтолду:

“Рамазан айында жасалган бир жакшы иштин сообу ондон жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ушул улуу айда бири-бирибизге жардам берели. Анткени берген кол алган колдон жакшыраак”.