“Апиза эне” ислам институтунда “Умра ибаадаты тууралуу маалымат” аттуу китептин бет ачары болуп өттү

Кара-Суу районундагы «Апиза эне» ислам институтунда “Умра ибаадаты тууралуу маалымат” аттуу китептин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев, аталган окуу жайдын ректору Абдирашит ажы Батыров, мугалимдер жана студенттер катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталды. Андан соң облус  казысы Сайдамир ажы сөз сүйлөп, умра ибадатынын парзы, ваажиби, сүннөтү, адеп-ахлагы тууралуу баяндалган бул китеп эң керектүү, маанилүү маалыматтар жазылгандыгын жана ханафий мазхабына байланыштуу ондогон китептерден пайдалангандыгын  баса белгилеп, китеп жазгандарга, колдоо көрсөткөндөргө, уюштургандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, адамдарга пайдалуу илим калтыруу – бул дүйнөдө да, акыретте да пайдасы тийип турарын белгилеп өттү.

Ал эми инститтун ректору Абирашит ажы Батыров алгач аземдин катышуучуларын Рамазан айы менен куттуктап, каалоо-тилектерди айтуу менен бирге, ыйык Рамазан айында бул китептин ачылышы студенттерге кубаныч тартуулаганын билдирди. Ал эми китептин автору Шамсулла Жейналиевге ыраазычылык билдирип, студенттерди илимдүү-билимдүү болууга чакырып, “институтта китеп которгондор, жазгандар көбөйсүн” деген пикирин билдирди. Андан соң, китептин мусулман үммөтүнө пайдасы тийүүсүн, кыргыз элине тынчтык, амандык, жалпы устаздардын ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалап, дуба кылды.

Соңунда, институттун администрациясы тарабынан катышуучуларга жана студенттерге 120 даана китеп белекке таратылды.

 Эске салсак, “Умра ибаадаты тууралуу маалымат” аттуу китепти институт мугалими Шамсулла Жейналиев тарабынан даярдалган.