Араван районунда Рамазанга карата кайрымдуулук баштыкчалары таратылды

Кечээ, 3-апрель күнү Ош облусунун Араван районунда райондук хатибияттын жана “Араван-Хадия” фондунун демилгеси менен 35 аз камсыз болго ар бир үй-бүлөгө 2 500 сомдук Рамазан баштыктары таркатылды. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 87 500 сомду түзгөнүн, бул иш-чара жума сайын уланып турарын белгилеген райондун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков төмөнкүлөргө токтолду:

“Рамазан айында кылынган садака, кайрымдуулук жана жакшы иштер ондон жети жүз эсеге чейин көбөйтүлүп берилери хадистерде айтылган. Орозо айы сооптуу иштерди жасап, анын ажырын эселеп алуучу ай. Ошондуктан бул айда жакшы иштерге шашылалы. Кайрымдуулук кылган ага-инилерибизге терең ыраазычылык билдиребиз”.