Базар-Коргондо хатибияттын демилгеси менен «Рамазанда кайрымдуу бол» аттуу акция уюштурулду

Базар-Коргон районунун борбордук “Ак-Тайлак ата” мечитинде райондук хатибияттын демилгеси менен аз камсыз болгон 60 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасы таратылды. Иш-чарага облустук мусулмандар казыятынын өкүлү Алмазбек ажы Умарбеков, Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров катышып, кайрымдуулукка кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирди. Саамалыкта ун, кумшекер, макарон, өсүмдүк майы, курмадан турган азык-түлүк баштыкчалары  муктаж адамдарга берилди.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин №80 буйругун ишке ашыруу максатында уюштурулган иш-чарада Рамазан айында кайрымдуулук кылууну каалаган жарандар менен биргеликте «Рамазанда кайрымдуу бол» аттуу акция уюштурулуп, анын алкагында райондогу муктаж үй-бүлөлөргө жардамдар таратылган.

Рамазан баштыкчаларын таратуу менен биргеликте Базар-Коргон райондагы борбордук “Ак-Тайлак ата” мечитинде жоомарт инсандардын демилгеси менен ооз ачыруу иш-чарасы өткөрүлгөнүн, ифтарлыкка 500 гө жакын адам келип ооз ачып кеткенин айткан Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров буларга токтолду:

“Ислам динибиз кайрымдуулукка, берешендикке жана ыймандуулукка чакырат, жакшы нерселерге кызыктырат. Өзгөчө Рамазан айында кайрымдуулук иштерин көбөйтүү керек, себеби  берекелүү болгон бул айда аткарылган жакшы иштердин сооп-ажры өтө чоң болот”.