Алай райондук хатибияты Гүлчө айылынын тургундарына ооз ачыруу уюштурду

Алай райондук хатибиятынын кызматкерлери Гүлчө айылынын тургундарына, мечит жамаатына ооз ачырып, бата алышты. Ага райондун баш имам-хатибинин м.а. Тиллабай ажы Кадыров катышып, келген конокторго орозонун өзгөчөлүктөрү, ооз ачыруунун сооптору менен биргеликте ысырапкерчиликке жол бербөө тууралуу баяндама жасады.

«Бул ай — тынчтыктын, берекенин, жакшылыктын жана сабырдуулуктун айы. Элге пайдалуу иштерди жасап, көптөгөн соопторго ээ боло турган ай. Мына ошондуктан бул айдын касиети менен өзүбүздүн сооп куржундарыбызды толтуралы. Бирок, бир эрежени унутпайлы, ал да болсо ысырапкерчилик, анткени Кудай Таала арам кылган иште жакшылык жок. Алла Таала ар бирибиздин кылып жаткан дуба-тилектерибизди, жасаган сооптуу иштерибизди кабыл кылсын. Өлкөбүздө тынчтык, амандык, бейпилдик болсун», – деди Тиллабай ажы Кадыров.

Эскерте кетсек, эки жылдан бери борбордук «Алай-Гүлчө» мечитинде Рамазан айында 30 күн бою ооз ачыруу кызуу уюштурулуп келет.