Кызыл-Кыядагы медресе студенттери арасында Куран жарышы өтүп, жеңүүчүгө умрага жолдомо берилди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан шаар аймагындагы медресе студенттери арасында толук 30 пара жаттоо боюнча жарыш өткөрүлдү.

Аталган жарыш Рамазан айы – Куран айы экенин даңазалоо менен бирге, Куранды жаттаган жаштарга дем-күч берүү жана кайталоого чоң салым кошуу максатында уюштурулган.

Сынакта биринчи орунду камсыз кылган катышуучуга Умра сапарына сертификат тапшырылды. Ал эми кийинки 2-3-4-5 орунду алган катышуучуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды.

“Рамазан айында Куран окуу жана угуу бул эң уулу ибадаттардын бири. Бул иш-чарага жардам колун сунган мусулман бир туугандарыбызга терең ыраазычылыгымды билдирем. Аткарган жакшылыктарынын сообун Жараткан эселеп берген болсун”, – деди Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев.