“Бөкөнбаев” мечитинде элдин колдоосу менен курулуш иштери жүрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Бөкөнбаев” мечитинде курулуш иштери жүрүп, диний объектинин дааратканасы, душу, ысык-муздак суусу бүткөрүлүүдө. Курулушту каржылаган жергиликтүү жамаат экенин айткан Таалайбек ажы Акунов буларга токтолду:

“Элдин күчү менен мечитибизде курулуш кызуу жүрүүдө. Мечиттин айланасын курчоо, көчөт отургузуу, жашылдандыруу иштери да аткарылып жатат. Мечит – ыйман чордону. Биз мечиттен ыйман, адеп-ахлакка келебиз”.

Баш имам-хатиб жарандардын ар кандай терс багыттагы диний агымдардан оолак болуусунда, жаштарды ыйманга, адеп-ахлакка чакырууда мечиттин орду чоң экендигин кошумчалады.