Жалал-Абад казыяты аз камсыз болгон 80 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасын таратты

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын демилгеси менен кайрымдуулук багытында 80 баштыкча даярдалып, муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Иш-чарага облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган облустук казыят жамааты катышып, саамалыкта ун, өсүмдүк май, макарон, картөшкө салынган 3 200 сомдук азык-түлүк баштыгы муктаж адамдарга берилди. Кайрымдуулуктун жалпы суммасы 256 миң сомду түзгөнүн айткан Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков сооптуу демилгеге кайдыгер карабаган жарандарга ыраазычылык билдирип:

“Рамазан – ибадат кылуу жана кайрымдуулук иштерди жасоо үчүн эң жакшы ай болуп саналат. Себеби бул айда кылынган жакшы амалдардын сообу көбөйөт, бейиштин эшиктери ачылып, тозок эшиктери жабылат. Ошондой эле, күнөөкөр жана жаман иштерди жасаган жандар дуба кылса, тообосу кабыл болот. Анткени Аллах бул куттуу айда пенделеринин дубасын кабыл кылат”, – деди өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин 15.03.2023 /№80 буйругунун негизинде облус аймагында кайрымдуулук иштери байма-бай өткөрүлүүдө.