![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/04/IMG-20230330-WA0032.jpg)
Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районундагы “Кара-Шаар” мечитинин айланасында курулуш иштери жүрүп жатат. Мечит имамы Таалайбек Букаевдин айтымында, мечиттин айланасын курчоо, унаа токтоочу жайды куруу ж.б оңдоп-түзөө иштерине кеткен чыгымды жергиликтүү ишкерлер көтөрүүдө. “Мечитке келген жарандар автоунааларын иреттүү токтотуп, тартип орноп, автотыгын азаят. Алла Таала ушул ишке себепчи болгондордон ыраазы болсун”, – деп билдирди Букаев.