Таалайбек ажы Акунов мектеп окуучуларын ыймандуулукка чакырды

Таалайбек ажы АкуновТоң районунун бир катар орто мектептерин зыярат кылып, мектеп жетекчилери, ата-энелери, мугалимдер менен жолугуп, мектеп окуучуларына зордук-зомбулук, мектептеги талап-тоноочулук, суицид, ата-энени урматтоо маселелерин камтыган “Адептүүлүк менен келечекке кадам” темасында лекция окуду.

Таалим-тарбия сабагынын темасына ылайык, мектеп жетекчилери, мугалимдер турмуштук мисалдарды алып доклад окушса, айрым окуучулар өз калемдеринен жаралган ырларын окуп, адептүүлүк туурасында өз ойлорун билдиришти.

Таалайбек ажы бүгүнкү күндөгү жаштардын тарбиясы, жүрүш-турушу эң олуттуу маселелер экендигин айтып, тарбияны үйдөн баштоо зарылдыгына кеңири токтолду.

“Бул туурасында жаштарыбызга атайын сабактарды уюштуруп, шарият көрсөткөн жашоо турмуштагы тартип-эрежелерин жеткирип, ыймандуулукка, адеп-ахлактуулукка чакыруу ар бирибиздин милдетибиз жана  учурдун талабы”, – деп билдирди Таалайбек ажы.