Баткен райондук хатибияты муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана кийим-кече таратты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругун ишке ашыруу жана Рамазан айынын урматына уюштурулган кайрымдуулук айлыгына карата Баткен райондук хатибияты 50 үй-бүлөгө күнүмдүк жашоого зарыл болгон азык-түлүктөрдөн турган Рамазан баштыкчаларын жана 20 үй-бүлөгө кийим кечелерди таратты.

“Бул иш-чара кайрымдуулук айы аталган Рамазан айынын урматына муктаж жарандарга жагымдуу маанай тартуулоо максатында уюштурулду. Мындай кайрымдуулуктарды буйруса дагы уланта беребиз”, – деди Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусов.

Белгилей кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин буйругуна ылайык, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасы менен Рамазан айында кайрымдуулук иштерин көп-көп өткөрүү максат кылынган.