Мирланбек ажы Токтомушов №5 Амир-Темир МАБнын коомдук алдын алуу борборунун жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын аткаруу алкагында Ош шаарынын  №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын коомдук алдын алуу борборунун жыйыны болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукка шектелип кармалгандардын саны өскөнү жана өспүрүм балдарга көңүл буруу зарылчылыгы айтылды.

№5 Муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы М.М.Канатов азыркы жаш өспүрүм балдардын келечекке максат койбой жатканын жана социалдык чөйрөгө активдүү катышпай калганын айтты. Ал эми шаар казысы маркумду узатуу адаттарындагы жандык союу ысырапкерчилик экенин белгилеп, анын кесепеттерине токтолду. Бала тарбиясы жөнүндө да сөз кылган Мирланбек ажы жаш өспүрүмдөрдүн билим, илим алуусунда ар бир ата-эне көңүл бөлсө, балдар келечекте илимдүү-билимдүү болуп, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсүнө салым кошоруна ишенерин айтты.