Самидин кары Атабаев Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындагы ажы башчыларга жыйын өттү

Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде Азирети Муфтийдин биринчи орун басары, Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин кары Атабаев жана КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев Баткен, Жалал-Абад, Ош облусу жана Ош шаарындагы ажы башчыларга жыйын өтүп, алардын сертификаттарын тапшырды.

Жыйында үстүбүздөгү жылдагы ажылык сапарында ар бир ажы башчыга 44 адамдан бөлүнөрү жана бөлүнгөн топко аманатчылык, жоопкерчилик менен кызмат кылуу тапшырмасы берилди. Сөз алган Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов ажы башчыларга ийгилик каалап, ажы башчылардын жылдагыга салыштырганда эл көзүнө көрүнгөн дин кызматкерлери экенин айтып, ыйык ажылык сапарында элибизге, мекенибизге дуба-тилектерди кылуусун суранды.

Жолдошбек ажы Абдылдаев ажылык сапарына бара турган жарандардын эмдөө боюнча “Вакцина тест” алуусу керектигин  айтып, эгерде мындан алдын эки жолку дозасын алган болсо, анда 2023-жылга бир эле дозасын алуусу жетиштүү болорун билдирди.