ФОТО: Мүмкүнчүлүгү чектелген 200 балага рамазандык маанай тартууланды

Борбор калаадагы «Салтанат» ресторанында Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы «Ислам Айым Нуру» коомдук фонду жана “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен бирге Бишкек жана Чүй аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 200 дөн ашуун балага рамазандык маанай тартуулап, алардын энелерине ифтарлык кече уюштурду. Иш-чаранын максаты коомдун аярлуу катмарына көңүл бурдуруу, аларды кубантуу, куттуу орозонун шаңын сездирүү экенин айткан КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын энелерине ыраазычылык билдирди:

«Урматтуу бейиш балдарынын энелери. Сиздер Жараткандан берилген чоң сыноону татыктуу көтөрүп келе жатасыздар. Сиздердин эрдигиңиздерге, сабырыңыздарга, күчүңүздөргө даңк. Алла Таала улуу Даанышман, чексиз Кеменгер Зат. Ал өзүнүн сүйүктүү пенделерине татаал сыноо берет. Биз сиздердин сабырыңыздарга суктанып, дайыма дуба кылабыз. Сиздерди ойлоп, колдоп, камтама болуп, дубачы болгондор бар. Сиздер жалгыз эмессиздер».

Балдарга арналган иш-чарада “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронбек кызы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Рамазан айы менен куттуктап, алардын энелерине таазим этсе, «Ислам Айым Нуру» коомдук фондунун жетекчиси Лола Касымова Муфтият кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын диний таалим алуусуна шарт түзүп берүү сунушун айтты.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Ыйык Рамазанда өткөрүлүп келген КМДБнын «Биз менен ооз ачыңыз» акциясынын алкагында өткөрүлдү.