Кара-Ой айылынын мечитинде ремонт иштери жүрүүдө

“Тоң районунун Кара-Ой айылынын эски мечити учурда оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Демөөрчү ошол эле айылдык жеке ишкер. Мечит жамааты да колдоо көрcөтүп, иш кызуу жүрүүдө”, – дейт Таалайбек ажы Акунов.

Аталган айылдын мечитинин абалы өтө начарлап, дааратканасы толук иштен чыккандыктан, жергиликтүү тургундун демөөрчүлүк кылганы чексиз кубаныч экенин кошумчалады Таалайбек ажы.

Демөөрчү алдыда мечиттин айланасын тосуп, көчөт отургузуу иштерине да жардам берерин райондук хатибияттан билдиришти.