Ош облустук казыяты 2 тонна курма, 500 даана зам-зам суу таратты

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиевдин демилгеси менен Азирети Муфтийдин буйругун ишке ашыруу максатында Ыйык Рамазанда кайрымдуулук акциясы уланууда.

КМДБнын «Биз менен ооз ачыңыз» акциясынын алкагында Ош облустук казыяты, Кара-Суу райондук хатибияты, Кара-Суу РИИБнин ЭММКАК жана РИИБнин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте 1,8 тонна курма шаар тургундарына жана конокторуна таратылды. «Курма менен ооз ачыңыз» атуу ураан менен өткөн иш-чарага облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров, Кара-Суу РИИБнин ЭММКАКы, жол кыймылын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн, казыяттын жана хатибияттын кызматкерлери активдүү катышты.

Акцияда 600дөн ашуун баштыкча жана 500 даана зам-зам суу таратылды.