Жалал-Абад казыятында ажы башчыларга жыйын болуп өттү

Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятында облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков дубандагы ажы башчылар менен жолугушту. Иш-чарада ажы башчыларга быйылкы ажыга баруучу жарандарга башчылык кылууну тастыктаган Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атайын сертификаттары тапшырылды.

Ажы башчылар ыйык сапарда жоопкерчиликтүү болуп, жарандарды жогорку деңгээлде алып барып келүүлөрү керектигин облус казысы жолугушууда билдирди. Ал ошондой эле чоң ажылык умра сапарына караганда башкача болорун, жоопкерчилиги көбүрөөк экенин кошумчалады.