Ысык-Көл казыяты күнүнө 400 адамга ооз ачарлык өткөрүүдө

Ысык-Көл облустук казыяты Рамазан ичи күнүнө 300-400 адамга ооз ачырып келет. Облус казысынын айтымында жоомарт инсандар демөөрчүлүк кылып, казыят уюштурууда.

“Ыйык Рамазан айында орозо кармагандарды сыйлап, ифтарда аларга ооз ачыруунун сообу өтө чоң. Рамазан айы жакшылыктарга, берекелерге, соопторго толтура өзгөчө касиеттүү ай. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай дейт: “Бир адам орозо кармаган бирөөнү сыйлап ооз ачырса, орозо кармаган адамдын сообуна тете соопко ээ болот. Орозо кармаган адамдын сообунан да эч нерсе кемибейт” деген хадиси бар”, – дейт облус казысы Алмазбек азы Сагындыков.

Ошондой эле хадистерде орозого суу берип болсо дагы оозун ачтыруу же курсагын тойгузуу, анын кемчиликтерин жаап, кайсы бир муктаждыгын жоюу чоң сооп экенин, дээрлик Рамазан айында айрыкча жакшылык иштерди жасоодон жалкоолонбоо оң экенин, анткени бул Ыйык айда бардык жакшылык иштердин сообу бир канча эсеге көбөйөрүн белгиледи Алмазбек ажы.