Баетовдо аз камсыз болгон жарандарга Рамазан баштыктары таратылды

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылында «Катар» кайрымдуулук фонду тарабынан аз камсыз болгон  жарандарга рамазандык жардам баштыгы таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасына райондун баш имам-хатиби Акылбек Эсеналиев катышып, чогулган элге Рамазан айынын улуулугун айтып, кайрымдуулук кылып жаткан «Катар» кайрымдуулук фондуна терең ыраазычылык билдирүү менен Мекенге, эл-журтка чогулган эл менен биргеликте бата тилеп, жалпы элди Рамазан айы менен куттуктады.

Ошол эле күнү борбордук мечитте «Катар» кайрымдуулук фонду тарабынан ооз ачар өткөрүлдү.