Караколдо “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, муктаждарга бекер тамак-аш таратылууда

Каракол шаардык хатибияты Рамазан айында өзгөчө кайрымдуулук ишин өткөрүүдө. Бул туурасында Каракол шаарынын “Иброхим Ажы” мечитинин имамы Рустам ажы Ыбыкеев билдирди. Анын айтымында, мечиттин жанында атайын “Кайрымдуулук дүкөнү” уюштурулуп, бир ай бою муктаждарга бекер тамак-аш таратылмакчы. Башкача айтканда, кайрымдуу адамдар келип тамак-аштарды “Кайрымдуулук дүкөнүнө” калтырып кетишет, а муктаждар келип алып кетишет.

“Оорулуу адамды зыярат кылуу, муктаждарга жардам көрсөтүү, мусулман бир туугандын зарылчылыгын бүтүрүү ж.б сыяктуу амалдар өтө сооптуу жана таасирдүү иштерден. Колубуздан келишинче кайрымдуулук кылып, муктаж бир туугандарыбызга жардам көрсөтүүгө аракет кылып жатабыз”, – деп белгиледи Рустам ажы.