Бакыт ажы Кайкиев “Кайкин” мектебин зыярат кылып, окуучуларга лекция окуду

Кечээ, 6-апрель күнү Түп районунун баш имам-хатиби Бакыт ажы Кайкиев “ Кайкин” мектебинин окуучулары менен жолугушту. Мектеп жетекчилиги менен макулдашуунун негизинде өткөн жолугушууга окуучулар жана мугалимдер  катышты.

“Жашоодогу адептүүлүктүн орду” аттуу жолугушуунун максаты окуучуларга, экстремизм, терроризмдин жаңылыштыгы, «Дин жана жашоо», «Арак жана зына», «Убакытты туура пайдалануу» туурасында кеңири маалымат берүү деген Бакыт ажы Кайкиев:

“Аалам үчүн тынчтыктын мааниси, арактын зыяндуулугу жана убакытты текке кетирбей, туура пайдалануунун пайдасы туурасында айттык. Жолугушуу аудиторияда кызыгуу жаратты. Алдыда айылдарды да кыдырып, эл менен жолугушуу пландарыбыз бар”, – деп кошумчалады.