Баткен облусунун казысы аймактагы ажы башчылар менен жолугуп, ажыларды жогорку деңгээлде тейлөөнү милдеттендирди

 Бүгүн, 7-апрелде Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров 2023-жылда ажылык сапарына баруучу жарандарга ажы башчылык кылуу сынагынан ийгиликтүү өткөн аймактагы ажы башчылар менен жолугушту.

Жолгушууда ажыларды тейлөөдө жогорку деңгээлде кызмат көрсөтүүнү эскертти. Муну менен катар Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров ажы башчылар ажылыкты уюштуруу боюнча республкалык штабга баш ийүү менен Сауд Арабиянын ажылык министрлиги тарабынан чыгарылган мыйзамдарды сактап, алардын бекитип берген графигине жараша иштөөнү милдеттендирди. Ошондой эле ажылардын коопсуздугу, ажылык ибадаттардын аткарылышы жана болочок ажылардын мейманканаларга жайгашуусун тартиптештирүү боюнча жоопкерчиликтүү болорун баса белгиледи.

Муну менен бирге ажылардын ден соолугуна көңүл буруп, алардын ал-абалдарынан кабар алып туруу менен ажылык ибадаттар боюнча сабактарды бат-баттан өткөрүүнү тапшырды.