Баткенде апрель курмандыктарына багышталып Куран окулду

Бүгүн, 7-апрель – «Апрель элдик революция» күнүнө карата Баткен облусунун аймагындагы бардык мечиттердеги жума намазында апрель окуясында каза болгондорго багышталып Куран окулду.

Куран окуу иш-чарасынында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткендеги борбордук «Нуьмани» мечитинде жалпы жамаат менен 2010-жылдын 7-апрелинде болгон элдик толкундоолордун курмандыктарына багыштап Куран окуду.

Аны менен катар жер-жерлерде өлкөнүн тынчтыгы, бакубатчылыгы үчүн бата кылынды.