Муфтияттын кезектеги «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өттү (фоторепортаж)

Кечээ, 7-апрелде Ыйык Рамазан айынын ыйык жума күнү борбор калаадагы «Ынтымак» паркында КМДБнын кезектеги «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы өттү. Акция аркылуу Бишкек шаарынын тургундары жана конокторуна рамазандык маанай жаратуу көздөлгөнүн айткан КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат ажы Атабаев буларды билдирди.

«Эл, айрыкча кичинекей бөбөктөр жаңы жылды чыдамсыздык менен күтөт. А улуу ай болгон Рамазанды кубануу, күтүү менен тосуп алуу анчалык эмес бизде. Айрымдар орозого суз караса, көпчүлүгү кадыресе эле өткөрүп жиберет. Ошондуктан биздин мекеме улуу орозо айында рамазандык маанай жаратууга аракет кылып келет. Бул боюнча Азирети Муфтийдин тапшырмасы да бар».

Бөлүм башчынын айтымында, «Биз менен ооз ачыңыз» акциясында аалымдар насаат айтса, акындар, комузчулар, манасчылар да конок болуп, катышуучулардын маанайын көтөрүп келет.

Белгилей кетсек, кечээги иш-чарага «Аброй» жана «Аль-Баракат» адал азыктар компаниялары колдоо көрсөттү. «Аброй» жана «Аль-Баракат» абройлуу жана берекелүү адал азыктарды сунуштайт.