Аламүдүндө аз камсыз 100 үй-бүлөгө Рамазан баштыгы таратылды

Кечээ, 7-апрлеь күнү Аламүдүн районунун Лебедникова айыл өкмөтүндө Азирети Муфтийдин №80 буйругуна ылайык Ыйык Рамазан айында 107 аз камсыз үй-бүлөгө Рамазан баштыкчалары таратылды. Иш-чарага Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Аламүдүн районунун баш имам-хатиби Абдурахман ажы Анаркулов жана «Мустафа» мечитинин имамхатиби Марс ажы Ибраев катышты. Казынын айтымында, күнүмдүк зарыл азык-түлүктөрдөн турган жардамдын жалпы наркы 160 миң сомду түзгөн.  

Облус казысы Ыйык Рамазан айында кайрымдуулук кылгандар өтө чоң соопко ээ болорун айтып, колу жука жарандарга бир гана Рамазанда эмес, кийинки айларда да жардам берүү зарылдыгын билдирди.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук иш-чарасына Мунарбек жана Гүлжайна аттуу жаш жубайлар демөөрчүлүк кылса, «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду уюштурууга көмөк көрсөткөн.