Ош шаардык казыяты 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчасын тапшырды

Ош шаардык мусулмандарынын казыяты Рамазан айынын урматына “Али Аль Байт” мечитинде аз камсыз болгон 165 үй-бүлөгө Рамазан баштыкчаларын таратты.

Кайрымдуулук иш-чарасына Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков катышып, ыйык айда кайрымдуу болуунун пазилеттерине токтолду:

«Рамазан айында кылынган сооп иштердин эсеби жүз эселеп жазылат. Кереметтүү Куранда, «Шүгүр кылгыла, шүгүр кылсаңар көбөйтүп беребиз» деп айтылат. Андыктан колдон келишинче жакшы иштерди аткарууга аракет кылалы».