Ак-Талаалык тургун атасынын ашына союлчу уйду жалгыз бой энеге тапшырды

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Рахатбек Нуралиев жалгыз бой энеге 1 баш уй берди. Бул тууралуу аймактык катчы билдирди.

Маалым болгондой, орозо айына карата аталган айылдын карапайым тургуну Рахатбек Нуралиев каза болгон атасы Кубатбек Нуралы уулунун үчүлүк жана жетилигине соё турчу малын ушул эле айылдын тургуну, жалгыз бой эне Айгүл Райымкуловага тапшырды. Андан тышкары, борбордук мечиттин жамаатына ооз ачар үчүн 1 баш кой берди.