Ош шаарында “Куран айы – куттуу Рамазан” аттуу Куран жарышы болуп өттү

Бүгүн, 10-апрель күнү Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухари Алай” мечитинде “Ассалам” кайрымдулук фондунун демөөрчүлүгү менен Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан Куран жарышы өткөрүлдү.

Жарыш шаар деңгээлинде өткөрүлүп, ага медресе студенттери жана шаар тургундары катышты. Куран жарышы жалпы 30 пара боюнча өткөрүлүп, катышуучуларга суроолор чүчү кулак аркылуу берилди. Үч  кишиден турган калыстар тобуна Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын орун басары Мухаммадияр кары Курбанбеков, КИУнун түштүк аймагындагы окуу борборунда сабак берип келген мисирлик Устаз Умар жана “Имам аль-Бухари Алай” мечитинин имамы Улукбек кары Эрмектов киришти.

Жарыш жеңүүчүлөрүнө акчалай байгелер жана дипломдор тапшырылды. 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом коюлган конкурста калыстар тобунун чечими менен 3-орунга упайлары бирдей болуп калган Билалиддин Гапиров менен Абдулхади Убайдулла уулуна ыйгарылса, 2-орунду Шавкатжан Салиев ээледи. Ал эми 1-орунду Бексултан Абдраим уулу жеңип алды.

Конкурстун жыйынтыктоочу бөлүгүндө Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов катышуучуларга ийгилик каалап, келечекте дүйнөлүк Куран жарыштарды багындырууну тилеп, жеңүүчүлөрдү кызуу куттуктады.