Ак-Талаада ыйман кечеси өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун маданият үйүндө “Аталар жашоо тилеги – Аталар жашоо тиреги” аттуу ыйман кечеси болуп өттү. Ыйман кечесине облус казысы Эрик Молдокулов жана Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров катышып сөз сүйлөштү.  

“Азыркы заманда элибиз динге муктаж. Биз динибизди туура карманышыбыз керек экенин билебиз. Ошол себептен Ак-Талаа акимияты ар дайым сиздер менен тыгыз иштеше бермекчибиз”, – деди Жумадилла Жапаров.

Ал эми облус казысы Эрик Молдокулов элди ыймандуулукка, Мекенди сүйүүгө чакырып, жалпы элдин Рамазан айы менен куттуктап өттү:

“Урматтуу Ак-Талаа районунун жашоочулары. Дин десе эле артта калган адамды ойлобошубуз керек. Себеби ислам дини адамдын бардык жактан өсүп-өнүгүшүп талап кылат. Динибиз тазалыкты, аруулукту, ынтымакты тартуулаган дин. Ошондуктан бир жылда бир келген касиеттүү Рамазан айында жан дүйнөбүздү тазалап, аруулукка умтулалы”.

Аталган ыйман кечесинде пайгамбарыбызды даңктаган ыр саптар, тарбиялык маанидеги сахналык көрүнүштөр коюлуп, элге жылуу маанай тартууланды. Мындан тышкары “Адеп Башаты” диний уюму тарабынан айымдар арасында “Ырайым жааган орозо” аттуу китеп конкурсунун жыйынтыгы чыгып, алдыңкы орунду ээлеген жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.