Ноокенде “Балдар – биздин келчек” атту жолугушуу өткөрүлдү

Ноокен районунда КР Башкы прокурорунун тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Ноокен районун прокурору Замирбек Артисбекович жана Кочкор-Ата шаарындагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, райондук хатибияттын баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун катышуусунда мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууда облустук прокуратуранын демилгеси менен даярдалган “Кыйылган өмүр” аталышындагы социалдык драма Жалал-Абад облусунун Барпы атындагы кыргыз драма театрынын актёрлору тарабынан коюлуп, окуучулар менен балдар арасындагы кылмыштуулук, өз өмүрүнө кол салуу, аракечтик, баңгилик, аптекалык наркомания жана үй-бүлөлүк зомбулук темасында эркин маектешүү жүргүзүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө, балдарды кызыктырган суроолорго тиешелүү адистер тарабынан толук кандуу түшүндүрмөлөр берилди, ошондой эле жыйындын аягында активдүү катышкан окуучуларга бир нече белектер тартууланды.

Аталган иш-чарага катышкан Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковго ислам дини зордук-зомбулукка каршы экендигин кеңири баяндап берди:

«Ислам дини кан төгүү, бирөөнүн өмүрүнө коркунуч туудуруу, зулумдук көрсөтүүгө катуу тыюу салат. Ал адам ак түстөбү же карабы, картайган аксакалбы же жаш жигитпи, эркекпи же аялбы эч кандай айырмасы жок. Болгону такыбалык, динге бекем болуу жагынан гана даражаларында айырмалар болбосо, инсан катары элдердин бардыгы Алла Тааланын алдында бирдей. Бул өкүмдөрдүн бардыгы 15 кылым мурда эле Пайгамбарыбызга (с.а.в) Аллах Таала тарабынан вахий кылынган. Тактап айтканда, Нахл сүрөсүнүн 90-аятында ,«Чындыгында, Алла Таала – адилеттүүлүктү, жакшылык кылууну жана тууган-урукка кайрымдуу болууну буюруп, уятсыздыктан, каапырлыктан (күнөөлөрдөн) жана чектен ашуудан (элдерге зулум кылуудан) тыят. Аллах Таала силерге (ушундайча) насыят берет. Балким түшүнөөрсүңөр» деп билдирилген».