Баткен шаарындагы мекеме, ишканаларда иштеген айымдар үчүн ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү

Баткен шаарындагы ар тармактагы мекеме, ишканаларда иштеген жалпы 110  айымга ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү. Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшееванын айтымында, бул иш-чараны Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар жамааты, Баткен шаардык хатибияты, “Адеп башаты” диний уюму жана “Муаз Ибн Жабал” медресесинин устазалары биргеликте демилге көтөрүшүп уюштурган.

Иш-чарада Рамазан айынын пазилеттери тууралуу баяндар, логикалык жана диний суроо-жооп викториналары уюштурулуп, туура жооп берген  конокторго белектер тапшырылды.

“Пайгамбарыбыз “Амалдардын эң жакшысы адамдардын жүрөгүнө кубаныч тартуулоо” деп айткан. Алланын колдоосу менен ар кайсы мекемелерде иштеген жүздөн ашуун аялга ифтар уюштуруп, көңүлдөрүн көтөрдүк. Рамазан айнын урматына уюштурулган иш-чара соңунда жалпы эл-журтка дуба-тилек айтылып, бата кылынды”, – дейт Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшеева.