Кара-Кулжадагы “Шарип Ата” медресесинин имараты кеңейтилүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Шарип Ата” медресесиде окуп жаткан студенттердин саны өскөндүгүнө байланыштуу медресенин имаратын кеңейтүүгө муктаждык пайда болуп, айыл элинин жардамы менен медресе кеңейтилип жатат.

Курулуш иштери менен райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев таанышып, ага салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

“Медресе бул билимдин, адеп-ахлактын булагы. Канчалаган аалымдар ушул сыяктуу медреселерден алгачкы билимдерин алышкан. Буйруса, бул медреседе окуп жаткан окуучуларда келечекте тарыхта жана бүгүнкү күндө көзгө көрүнгөн илимдүү, билимдүү устаздардан болот. Ал эми курулуш иштеринде каражаты менен, күчү менен, дубасы менен көмөктөшкөндөргө Жараткан бул жерде окуп жаткан окуучулардын сообундай жакшылыктарды берет”, – деди Дастан ажы.