Шафии долбоорунун Кыздар арасындагы республикалык Куран жарышы өттү

Кечээ, 10-апрель күнү «Кара-Балта Куран Нуру» институтунда Шафии долбоорунун Кыздар арасындагы республикалык III Куран жарышы өтүп, анда 51 кыз күч сынашты. 3, 5, 8, 10, 15 жана 20 пара боюнча Куранды жатка окуу конкурсунда байгелүү орундарды ээлегендерге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Иш-чарага катышкан Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жеңүүчүлөрдү куттуктап, Куран жаттоонун пазилеттерин айтып өттү:

«Алланын мужизасы болгон Куранга кызмат – эң улуу кызмат. Курандын чеберлери Кыяматта лахв-и махфуз периштелери менен бирге болот деген риваят бар. Мынаке, Куран түшкөн куттуу айда турабыз. Курандын урматы үчүн ал түшкөн түн, ай, аймак, пайгамбар жана үммөтү эң даражалуу болду. Ал эми үммөттүн ичинен эң ардактуулары Куран жаттагандар. Алла Таала алардын ата-энелерин алтындан да жарык таажылар менен сыйлайт. Кээ бирлер Куран жаттап, медресе окугандар кантип турмуш өткөрөт дей беришет. Ырасында дин илимин кара курсак үчүн окубайт. Куранды нан табыш үчүн жаттабайт. Куран жаттап, дин илимин алгандар эң ириде руханий жактан жетилип чыгат. Өзгөчө кыздар турмуш курганда жашоонун ысык-суугуна, өйдө-төмөнүнө туруштук бере алат. Барган жеринин көшөгөсүнүн көгөртөт. Кайын журттун батасына арзып, бир үй-бүлөнү бекем сактап, коломтосун жылуу кармайт», – деп билдирди.

Калыстар тобунун төрагасы, доктор Абдул-Жаават Суюти Азирети Муфтийдин орун басарына ыраазычылык билдирип, КМДБнын иштерине ийгилик каалады.

Калыстар тобунун чечими менен Куран жарышынын жыйынтыгы төмөнкүдөй чыгарылды:

20 пара боюнча:

1-орун Мухаматали кызы Аасия, Кара-Балта Куран институтунун студенти;

2-орун Узакова Сафия, Ала тоо 2 медресесинин студенти;

3-орун Абдылдаева Хафиза, Кара-Балта Куран институтунун студенти.

15 пара боюнча:

1-орун Бурханиддин кызы Хадижа, Кара-Балта Куран институтунун студенти;

2-орун Муратаалы кызы Насиба, Кара-Балта Куран институтунун студенти.

10 пара боюнча

1-орун Мусурманкул кызы Гулбурак, Кара-Балта Куран институтунун студенти;

2-орун бирдей балл менен Ахмадова Соня, Ала тоо 2 медресесинин студенти; Нурбекова Акылай, Кара-Балта Куран институтунун студенти.

5 пара боюнча

1-орун Абдуманап кызы Тахира, Кара-Балта Куран институтунун студенти;

2-орун бирдей бал менен Тагдырбек кызы Мырзайым, Кара-Балта Куран институтунун студенти; Анаркулова Хабиба, Кара-Балта Куран институтунун студенти.

3 пара боюнча

1-орун Закирова Айжан, Кара-Балта Куран институтунун студенти;

2-орун Махмудулла кызы Фарида, Кара-Балта Куран институтунун студенти;

3-орун бирдей балл менен Жылдызова Салиха, Кара-Балта Куран институтунун студенти; Абдыкадырова Аида, Кара-Балта Куран институтунун студенти.

Белгилей кетсек, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Кара-Балта шаарына жасаган иш сапарынын алкагында «Кара-Балта Куран Нуру» институнунун окутуучулар курамы, мекеменин ишмердүүлүгү жана материалдык-техникалык абалы менен таанышты.