Кара-Сууда 757 муктаж үй-бүлөгө 1 млн 650 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан мечиттердин имамдары жана жамааты Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №80 буйругун тынымсыз аткарууда. Ыйык Рамазан айында аталган буйруктун аткаруу алкагында көптөгөн аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө кубаныч тартууланды. Тактап айтканда, Кара-Суу районундагы дин кызматкерлери тарабынан 757 муктаж үй-бүлөгө акчалай жардам жана күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр берилди.

Мечиттерде көрсөтүлгөн кайрымдуулуктар төмөнкүчө:

1.«Эркин» мечитинен 150 үй- бүлөгө 205 800 сомдук;

2.«Ал-Худа» мечитинен 100 үй-бүлөгө 171 000 сомдук;

3.«Ар-Рахма» мечитинен 40 үй-бүлөгө акчалай 140 000 сомдук;

4.«Абдыжапар» мечитинен Атасы өтүп кеткен жана көп балалуу 7 үй-бүлөгө акчалай 100 000 сомдук;

5.«Падаван» мечитинен 41 үй-бүлөгө 102 500 сомдук;

6.«Алим-Тепе» мечитинен 43 үй-бүлөгө 100 000 сомдук (Бул мечитте экинчи жолу кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү);

7.«Номан кары» мечитинен 32 үй-бүлөгө 96 000 сомдук;

8.«Убайдулло хажы» мечитинен 45 үй-бүлөгө 85 000 сомдук;

9.«Ача-Мазар» мечитинен  25 үй-бүлөгө 57 000 сомдук;

10.«Шайх Алауддин Мансур» мечитинен 15 мүмкүнчүлүгү чектелген , оорулуу жарандарга акчалай 44 500 сомдук (жана 160 000 сомдук бир тонна курма);

11.«Маданият» мечитинен 22 үй-бүлөгө 45 000 сомдук;

12.«Абу Бакр Сыддык» мечитинен 30 үй-бүлөгө 40 000 сомдук;

13.«Ала-Тоо» мечитинен 20 үй-бүлөгө 34 000 сомдук;

14.«Ал-Азийм» мечитинен 10 үй-бүлөгө 26 000 сомдук;

15.«Шананов Орозмамат Ажы» мечитинен 20 үй- бүлөгө 25 000 сомдук;

 16.«Ак-Таш» мечитинен 20 үй-бүлөгө 25 000 сомдук;

17.«Мухаммад назир таж» мечитинен 18 үй-бүлөгө 25 000 сомдук;

18.«Могол» мечитинен 24 үй-бүлөгө 24 643 сомдук;

19.«Жусуп-Ата» мечитинен 7 үй-бүлөгө 23 000 сомдук;

20.«Кашкар-Кыштак» мечиттеринен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө 20 000 сомдук;

21.«Немат хажы» мечитинен 13 үй-бүлөгө 18 000 сомдук;

22.«Кыш-Абад» мечитинен 17 үй-бүлөгө 17 000 сомдук;

23.«Беш-Капа» мечитинен 12 үй-бүлөгө 17 000 сомдук;

24.«Каратай Сатыбек» мечитинен 15 үй-бүлөгө 15 000 сомдук;

25.«Каарман» мечитинен 15 үй-бүлөгө 15 000 сомдук;

26.«Баш-Булак» мечитинен 10 үй-бүлөгө 12 000 сомдук;

27.«Бабалашкар» мечитинен 6 үй-бүлөгө 12 000 сомдук жардам көрсөтүлдү.

Аталган 27 мечиттин жамааты тарабынан көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 1 млн 655443 сомду түзөт.

«Аллах Таала Бакара сүрөсүнүн 261-аятында «Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы ар бир машагында жүздөн даны болгон жети машакты (сабакты) өндүрүп чыгарган бир даана (урук) данга окшойт. Аллах каалаган пендесине көбөйтүп берет. Аллах Кең, Билүүчү Зат» деп айткан. Бул кереметтүү аятта Аллах жолунда байлыгын садака кылган адамдар үчүн жети жүз сооп берилиши айтылды. Кайрымдуулук кылган адамдардын мал-дүйнөсүнө Аллах берекет берсин. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Жакшылыкка далаалат кылуучу адам жакшылыкты кылган сыяктуу» деп айткан. Рамазан айында адамдарды муктаждарга жардам берүүгө, кайрымдуулукка, берешендикке чакырган имам-хатибдерге, дин кызматкерлерине Жараткан Аллах эки дүйнө бактылуулугун берсин», – деди Абдирашит ажы Батыров.

Эскерте кетсек, Кара-Суу районуна караштуу 8 мечиттин жамааты Рамазандын алгачкы он күндүгүндө 250 муктаж үй-бүлөгө 560 000 сомдук жардам көрсөткөн болчу.