Кароол-Дөбөдө аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө 60 миң сомдук Рамазан баштыгы берилди

Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылында жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө рамазандык жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында баш имам-хатиб Максат Сейталиев билдирди. Азык-түлүк түрүндө көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 60 миң сомду түзсө, ар бир үй-бүлөгө берилген Рамазан баштыгынын наркы 3 миң сомду түзгөн.

Кайрымдуулук иш-чарасына демөөрчүлүк кылган Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына (WAMY) айыл тургундары ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап дуба кылышты.

«Бүгүнкү кылган кайрымдуулук ишибизди Аллахым кабыл кылып, себепкер болгон бир тууганыбыздан ыраазы болсун. Жылдык иш планыбызда каралгандай, фонд жана жеке ишкерлерибиздин демөөрчүлүгү менен кайрымдуулук иштери ар дайым болуп турат”, – дейт Максат Сейталиев.