Жалал-Абад шаарындагы “Зулпукаар сопу” жума мечитинде Рамазан баштыкчалары таратылды

Жалал-Абад шаарынын “Зулпукаар сопу” жума мечитинде 100 үй-бүлөгө ар бири 2000 сомдон турган кайрымдуулук баштыкчасы таратылды. Аталган иш-чара Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов, шаардагы “ Зулпукаар сопу” жума мечитинин имам-хатиби Асан ажы Усенбаевдин демилгеси менен уюштурулду. Кайрымдуулуктун демөөрчүсү жеке ишкер Нурбек  Абдивали уулу башында турган жергиликтүү тургундар орозо айында аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө күнүмдүк керектелүүчү болгон  ун, май, кум шекер, чай, күрүч, макарон ж.б. азыктар менен камдалган баштыктарды өз ээлерине тапшырды. 

“Рамазан айы берешендиктин, кайрымдуулуктун, кечиримдин айы болгондуктан, тургундарыбыз ушул айда Алладан сооп үмүт кылып кайрымдуулук иштерин көп жасашат. Аллах Таала жарандарыбыздын кылган кайрымдуулуктарын кабыл кылсын”, – деди шаардын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов.