Ананьеводо мектеп окуучуларына түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын Ж. Турусбеков атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушуу уюштурулуп, анда айыл имамы Бекбосун Дияров «Ыймандуулук жашоо маңызы» аттуу темада маалыматтык сабагын өттү.

Бул иш-чара райондук хатибияттын жардамы менен өтүп, саамалыкка баш имам-хатиб Максат Сейталиев, участкалык милиция кызматкер Дастан Маматкулов, айыл аксакалдары жана мектеп окутуучулар жамааты катышты.

Жолугушууда ыймандуулук, адеп-ахлак, ата-энени сыйлоо, коомго, жаратылышка болгон мамиле туурасында насааттар айтылып, окуучулар арасында кызыгуу жаратты. Диний терс агымдар туурасында да кеңири маалымат айтылып, суроо-жооп уюштурулду.

Мектеп жетекчилиги бул иш-чараны жогору баалап, лекторго терең ыраазычылык билдирип, дайыма бирге иш алып баруу сунушун айтты.