2023-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 АКШ долларын түздү. Төлөмдөр 12-апрелден башталат

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 (үч миң тогуз жүз) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт.

Ажыга барууга 1000$ АКШ долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер 2023-жылдын 12-апрелинен 17-апрель (17-апрелди кошо эсептегенде) РСК Банктын иштөө убактысы  бүткөнгө чейин калган 2900$ (эки миң тогуз жүз) АКШ долларын төлөөсү зарыл.     

Барып келүү авиабилетин брондоо наркы (ар бир ажыга баруучуга)                                                   1360$
Сауд Араб Падышалыгынын талабына ылайык  (Банк  кепилдиги, ыйык өрөөндөгү кызматтардын чыгымдары, 3 күндүк Медина шаарындагы мейманкананын наркы). Мекке жана Мадина шаарындагы тамак-аш, никаба, аваид, вукала (ажыларды тейлөөчү транспорт) 15 пайызы менен, зам-зам суу жана аны Меккеден Мадинага, Жиддага жеткирүү наркы, Мекке жатаканасынан ыйык Харам мечитине ажыларды ташуучу боюнча автобустар, вакф  Мекке жатаканаларын  камсыздандыруу 15 пайыз наркы менен жана кошумча автобус, ковид оорусуна жана  коопсуздук  камсыздандыруунун наркы.                                                                              2080,19$  
Ажылык үчүн атайын тигилген кийимдин наркы, ажыга баруучуларды минингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөөдөн өткөрүү үчүн эмдөө дарыларын Кыргызстанга алып келүү, ар бир ажы башчынын, ажыдарды коштоп баруучу дарыгерлердин жана штаб мүчөлөрүнүн чыгымдары жана ажы башчынын командировкасы,  штабдын Кыргызстандагы жана Сауд Араб Падышалыгындагы көчмө штабынын Мадина шаарындагы мейманканаларын, Мекке жана Мадина шаарындагы тамак-аштарын жана минингит жана мезгилдик гриппке каршы эмдөө  пунктарын камсыздоо, (виза, коопсуздук, билерик, бейджик ж.б) чыгымдары.     Аалымдар Кеңешинин,  Борбордук текшерүү комиссиясынын, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана      облустук жана шаардык казыяттардын жана райондук баш имам-хатибдердин бир жылдык ажылык уюштуруу ишмердүүлүгү.          459,81$  
                                                                      3900$

Көрсөтүлгөн баалар Аалымдар Кеңеши, Борбордук текшерүү комиссиясы, муфтият кызматкерлери жана ажылыкты  уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын мүчөлөрү тарабынан иштелип чыкты.