Ноокенде “Рамазан баштыкчасы” акциясы өттү

Бүгүн, 12-апрель күнү Ноокен районунун борбордук “Нур” мечитинде “Рамазан баштыкчасы” аттуу кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Ноокен райондук хатибиятынын уюштуруусу, райондогу кайрымдуу инсандар жана өзгөчө 1985-жылкы жигиттердин демөөрчүлүгү менен өттү.

Саамалыкта райондун баш имам-хатиби Тынычтыкбек ажы Шаиков ыйык айда кайрымдуулук кылган инсандарга ыраазычылык билдирип, “берген кол болуунун” пазилеттерине токтолду жана орозонун соңку 10 күнүн капилетте өткөрбөй, ибадат менен өткөрүүгө чакырды.

Эскерте кетсек, акцияда жалпысынан 40 даана Рамазан баштыкчасы таратылды. Ар бир баштыкча ун, май, картошка, кум шекер, макарон, чайдан туруп, наркы 2500 сомду түздү.