Ош облусунда КР Президентинин №54-Жарлыгынын аткарылышы менен таанышуу жүрүп жатат

Ош облусунда КР Президентинин №54 жарлыгынын ишкер ашырылуусун көзөмөлдөө жана аткарылган иштер боюнча маалымат алуу боюнча аймактарды кыдыруу жүрүүдө.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалидиновдун тапшырмасы менен КР Президентинин №54 жарлыгынын ишкер ашырылуусун көзөмөлдөө жана аткарган иштер боюнча маалымат алуу максатында райондун акимдери жана айыл өкмөттүн башчылары менен жолугушуп, кеңешүүлөрдү жүргүзүү жана анын алкагында бир жыл ичинде аткарылган иштердин отчётун угуу максатында комиссия түзүлүп, Ош облусунун райондорун кыдыруу жүрүп жатат. Аталган комиссиянын курамына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Каныбек уулу, Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов жана облустук админстрациянын кызматкерлери кирип, аткарылган иштер боюнча жеринде маалымат алышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө облус казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Өзгөн райондук админстарциясынын аппарат жетекчиси Руслан Алайчиев менен пикир алышып, райондун Жылалды, Ак-Жар, Мырза-Аке, Ийри-Суу, Төрт-Көл жана Куршаб айыл өкмөттөрүн кыдырып, өкмөт башчылары менен жолугушту.

Ошол эле иш-чаранын алкагында Алай районуна барып, райондун акиминин орун басары Бактыбек Осмонов менен жолугушуп, райондун Гүлчө, Будалык, Жошолу, Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүнө барды.

Алибек ажы аталган жолугушуулар башка райондордо да уланарын белгиледи.