«Аль-Бир» фонду муктаждар үчүн кезектеги Рамазан баштыктарын таратты

«Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фонду КМДБ менен биргеликте аз камсыз үй-бүлөлөргө Рамазан баштыктарын тапшырды. Азык-түлүк түйүнчүктөрү муктаж адамдарга таратылган саамалыкта Азирети Муфтий Замир кары Ракиев «Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирди:

«Дүйнөнүн башка жерлеринде жашаган мусулман бир туугандарыбыз жардам жөнөтүптүр. Ушул жакшы иш-чараны уюштурган фондго ыракмат. Мына, орозонун соңку 10 күндүгүндө турабыз. Ушул улуу айдын соңку бөлүгүндө демөөрчүлөргө, дин кызматындагыларга, элибизге, мекенибизге, мамлекетибизге дуба кылышыңыздарды өтүнөбүз».

Ал эми «Аль-Бир» региноналдык коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Али аль-Аюби жалпы Кыргызстан мусулмандарын Рамазан айы менен куттуктап, кайрымдуулук Австралия мусулмандарынан экенин билдирди.

Эскерте кетсек, аталган фонд буга чейин да борбордогу 50 муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөткөн.