Өзгөндө “Активдүү жаша!” аттуу иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 12-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районунда Өзгөн шаарынын мериясы жана райондук дарыгерлери тарабынан “Активдүү жаша!” аттуу иш-чара өткөрүлүп, ага Өзгөн районунун баш имам-хатибинин орун басары Жусупбек Арстанбек уулу жана райондогу имамдар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Адамдын ден соолугу”, “Эмдөөдөн өтүүнүн пайдасы”, “Ден-соолукка кам көрүү” жана “Сергек жашоо” боюнча лекциялар окулуп, атайын адистер тарабынан ден соолукка байланыштуу кеп-кеңештер айтылды.

Ислам дини адамдын ден соолугуна канчалык деңгээлде маани берерин айткан Жусупбек Арстанбек уулу төмөнкүлөргө токтолду:“Пайгамбарыбыз (с.а.в): беш нерсе келерден мурда анын кадырын билгиле деп, алардын катарында ооруп калууңдан мурда ден соолугуңардын кадырын билгиле!” деп тактап айткан. Ислам дини бардык жаман кесепеттердин алдын алууга үндөйт. Ооруп калуудан мурда ден соолукка кам көрүү жана аны сактоо милдет. Ошондой эле ден соолук Жараткан тарабынан берилген аманат, аны аздектеп, этияттап Кудайдын астына аманатты өз ордуна коюу ийгилик, жетишкендик болуп эсептелет. Биздин дүйнө жашообуз себептерден куралган, ал эми ооруудан айыгуунун бир себеби дары-дармектерди колдонуу, эмдөөдөн өтүүлөр болуп эсептелет. Дары-дармектерди колдонуу динибизге каршы келбейт”.