«Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери бирдиктүү формага өттү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Фуркат айылында жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери атайын тигилген бирдиктүү формага өтүштү. 

«Ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылуу аркылуу ийгиликке жетүү оңой болот. Институтту өнүктүрүү жана студенттерибиздин билим деңгээлин жогорулатуу максатында бир топ пландар түзүлүп жатат. Алардын бири катары студенттерибиздин атайын бирдиктүү формага өтүүсү болду», – деди ректордун милдетин аткаруучусу Алтынбек ажы Туйчиев.