Диний окуу жайларда эмгектенген айымдарга ооз ачар өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы «Ислам Айым Нуру» коомдук фонду жана “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси менен бирге диний окуу жайларда эмгектенген айымдарга ооз ачыруу уюштурду. КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратовдун айтымында, аталган саамалык Муфтияттын «Биз менен ооз ачыңыз» акциясынын алкагында уюштурулган.

«ДОЖдордо эмгектенген устазаларга атайын ифтарлык уюштурууну туура көрдүк. Биздин ушул демилгени колдоп, иш-чаранын өтүшүнө салым кошкондорго терең ыраазычылык билдиребиз», – деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек жана Чүй аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген 200 дөн ашуун балага рамазандык маанай тартуулоого «Ислам Айым Нуру» коомдук фонду жана “Мутакаллим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмеси көмөк көрсөткөн болчу.