«Абдыжапар» атындагы ислам институтунда интеллектуалдык таймаш өткөрүлдү

Кечээ, 13-апрель күнү «Абдыжапар ислам институтунун 1-курсунун студенттери арасында «Сиро» сабагы боюнча интеллектуалдык мелдеш уюштурулду. 

Аталган мелдеш төмөнкү категориялар боюнча өткөрүлдү:

1. Пайгамбарлар тарыхы;

2. Логикалык суроолор;

3. Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр баяны;

4. Кыргызстан тарыхы тууралуу суроолор;

5. Дүйнөлүк тарых суроолор.

Мелдештин жыйынтыгында топтолгон упайлар боюнча 1-2-3-орунду ээлеген командаларга сыйлоо баракчалары жана активдүү катышкандыгы үчүн бир студентке «мыкты оюнчу» номинациясы тапшырылды.

«Жакшылык иште жарышкыла» демекчи, студенттерибиз илим алууда бири-бири менен атаандашып, үйрөнгөндөрүн бекемдеп турат деген ишеничтебиз. Мындан ары да интеллектуалдык таймаштарды тез-тез өткөрүп турабыз», – деди ректордун милдетин аткаруучусу Алтынбек ажы Туйчиев.