![](https://muftiyat.kg/wp-content/uploads/2023/04/image-14-04-23-17-02-3.jpeg)
Бүгүн, 14-апрель жума күнү Өзгөн районунун Жылалды айыл өкмөтүндө Өзгөн райондук хатибиятынын демилгеси менен 30 жардамга муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө жана акчалай жардам көрсөтүлдү.
Кайрымдуулук иш-чарасы Россия Федерациясынын Ростов облусунда эмгектенген мекендештердин колдоосу жана Өзгөн райондук хатибияты тарабынан каржыланып, жүзөгө ашырылды.
Азык-түлүктөрдөн ун, май, кумшекер, чай, курма, макарон берилип, аз камсыз жарандарга жеринде тапшырылды.