Баткен облусунун казысы болочок ажылар менен жолугушту

Баткен  облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлек районунун жана Кызыл-Кыя шаары боюнча ыйык ажылык сапарына аттанган болочок ажылар менен жолугушту. Болочок ажылар менен болгон жолугушууда облус казысы ажылыктын ыйыктыгы жана бул сапардын түйшүгүн айтып, ибадат боюнча маалымат берди.

Муну менен катар Нуридин ажы Мамасабиров жылдан жылга ажылыкты уюштуруу иши жакшырып жатканын айтып, 2023-жылдагы ажылык сапардын баасы 3900 доллар болгонун кабарлады.

«Ажылык исламдын бешинчи түркүгү. Ажылык кээ бирлер ойлогондой туристтик кызмат же кызыктуу саякат эмес. Ал биринчи кезекте Куран менен бекемделген парз өкүмүндөгү ибадат. Алла Таалам сиздердин ниетиңиздерди орундатып, ажыга аттанууну насип кылыптыр. Сиздер бактылуу инсансыздар», – деп билдирди облус казысы.