Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында заманбап курулган мечит ишке берилди

Мечиттин ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары М. Тулаев, Баткен шаарынын мэри И. Бурканов, КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Ч. Юсупов, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, КИУ ректору Абдишүкүр ажы Нарматов, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ошондой эле алыс-жакындан келген коноктор катышты.

Саамалык Алла Тааланын сөзү болгон ыйык Куран окуу менен башталды. Андан соң Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров айыл элин жаңы мечиттүү болуусу менен куттуктады. Ал эми Абдишүкүр ажы Нарматов мечиттер адамдын адеп-ахлагын, кулк-мүнөзүн оңдоочу, тарбия алуучу жай экенин, мечитке келген мусулмандар Жараткандын алдында бай же кедей экендигине, түсүнө, улутуна карабастан бирдей болуп саналарына, ошондуктан мечиттер элдердин ынтымагын, улуттардын арасындагы достукту бекемдей турган жай катары болуусу керек экендигине токтолуп өттү. Мечит толо келген жергиликтүү тургундарга облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров мечиттин адеби, мечитти урматтоо, жыйналыш мааракелерге баруу адебинге токтолуп, бир катар пайдалуу маалыматтарды баяндады.