Кеминде муктаждарга 50 миң сомдук жардам таратылды

Кемин шаарынын борбордук мечитинде муктаж болгон 20 үй-бүлөгө 1500 сомдук азык-түлүк жана 1000 сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү. Колдоо көрсөткөндөр:

  1. Кемин шаарынын борбордук мечитинин имамы Куттубек ажы Дүйшебаев баштаган жамааты;
  2.  «Рашид» мечитинин имамы Сыддык Абдраимов жана жамааты;
  3. «Станция» мечитинин имамы Белек Керимов жаматы менен.

Казыяттан билдиришинче, жогоркулардан башка шаардын тургундары да салым кошушкан.

Белгилей кетсек, жардамдын жалпы суммасы 50 миң сомду чапчыган. Кайрымдуулук иш-чарага катышкан аз камсыз үй-бүлө мүчөлөрү ыраазы болуп, демөөрчүлөргө жана уюштуруучуларга бата-дуба берип тарашкан.